Бишкектеги машина тебелеп кеткен жаш бала оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Буга чейин социалдык тармактарда тараган видеого караганда, кыз айдоочу короодон чыгуу үчүн унааны артка айдап жаткан. Ошол учурда жолдо эки бала ойноп жүргөн. Айдоочу аларды байкабай калып, бирөөсүн тебелеп кеткен. Экинчи бала унаадан качып кетүүгө үлгүргөн.
Кырсык 10-майда Айтматов проспектисиндеги үйлөрдүн короосунда болгон.
Бул факт боюнча тергөө алдындагы текшерүү жүргүзүлүүдө. Унаа айып короого токтотулган, айдоочу 23 жаштагы кыз экени айтылды.