Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов унаа кырсыгынан жабыр тарткан жоокерден кабар алды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы жоокердин ата-энеси менен жолугуп, алардын баласына бардык тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жаткандыгын, муктаждык болсо дарылануусун улантуу үчүн борборго жеткирилерин айтты.
Учурда жоокер Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда, абалы оор.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 4-апрелинде Лейлек районундагы «Ак-Суу» чек ара заставасынын 2-чек ара бөлүмчөсүнүн аткычы катардагы жоокер, 2004-жылы туулган Данияр Нурбеков, УАЗ-Пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаасында келе жатып, бортунан кулап кетип кырсыкка учураган.
Жоокер Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылынын тургуну, ал 2025- жылдын сентябрь айында аскерге чакырылган.
Учурда кызматтык териштирүү дайындалып, тийиштүү иштер алып барылууда.