Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, Бишкекте массалык уулануу катталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 13 адам медициналык жардам үчүн кайрылган, алардын 11и ооруканага жаткырылган, ал эми экөө амбулатордук дарыланууда.
«Жабыркагандар «Буффет» ашканасында даярдалган тамак-ашты жегени алдын ала аныкталган», — деп айтылат департаменттин билдирүүсүндө.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 23 миң сом айып пул салынды, ошондой эле ашкананын ишин убактылуу токтотуу боюнча эскертүү берилди