Бишкекте автоунаа көп кабаттуу үйдү сүзүп, үч киши жабыркаган. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ кечинде болжол менен саат 22:00дө болгонун айтышты.
«Nissan автоунаасын айдаган киши Көлбаев көчөсү менен баратканда рулду башкара албай калып көп кабаттуу үйдү сүзүп, автокөлүк капталынан жатып калган. Айдоочу ооруканага жеткирилди. Андан сырткары, 29 жана 16 жаштагы эки адам жабыркаган», — деп айтылат таратылган маалыматта.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жаткандыгын кошумчалашты.