Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, «Лексус LX470» үлгүсүндөгү унаа Юнусалиев көчөсүндөгү курулуш материалдарын сүзүп токтогон. Бул тууралуу Бишкектин комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 30-апрелде болжол менен саат 15:00дөр чамасында болгон. Анда «Лексус LX470» үлгүсүндөгү унаанын 1992-жылы туулган Э.Э. аттуу айдоочу рулду башкара албай, курулуш материалдарын сүзгөн.
Айдоочу Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборуна тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген.
Жолтандабас айып короого токтотулуп, тергөө иштери башталган.
https://telegra.ph/file/762c5a6f3d35ebb5aacc5.mp4