• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте аял 2 баласы менен өлтүрүлгөн окуя: Маркумдун 81 жаштагы апасы көрсөтмө берди

26 Теке 202314:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-июлда Бишкектеги Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектелип кармалган Чынтемир Аширалиевдин иши каралып жатат.

Шектүү сотко жеткирилди. Ишти караган судья Надырбек Токтосунов.

Бүгүнкү жараянда күбөлөр суралды. Маркумдун 81 жаштагы апасы У. К., соттолуп жаткан Чынтемир Аширалиевди тааный турганын айтып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берди:

«Аширалиевди көргөм, тааныйм. 16-февраль күнү эртең менен кызыма чалсам албайт. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей болуп, ордума тура албай койдум. Бул жактагыларга байланышып билгилечи дедим. Киши колдуу болгонун укканда Аширалиев кылган деп айттым. Биринчи жолу көргөнүмдө саламдашканга жараган эмес. Демек адам кадырын билбейт. Кызымдын кичүү баласы Аширалиевден экенин билчүмүн. Баласы төрөлгөндө качып карабай жүргөн. Кызым баланын атасы жакшы ичпейт, чекпейт дечү. Мына ичпеген, чекпеген адамы ушуну кылды. Бул жөнүндө жаман сөз айткан эмес. Парламенттик шайлоого дагы аттанганын билем. Кызым депутаттыкка талапкерлигин коюп жатат Баткенден добуш берип койгула деген. Шайлоого көп акча кетет экен, кызым 100 миң акча жөнөткөн. Башка акча дагы берип жүргөн. Мага баарын айтып турчу»,-деди маркум аялдын апасы.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Аширалиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

Количество просмотров: 506