• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Майдан: Граниттин ордуна жыгач. Маркумдар эстеликке муктажбы? (Түз эфир)

23 Тогуздун айы 202417:24 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу боюнча жарлыкка кол койду. Жарлыкта азыркы кыргыз коомунда маркумду жайга коюуда текебердик, ашыкча ысырапкорлук, диний каада-салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөр кездешери айтылган.

Маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, кыргыз коомунун руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана мыйзамдарды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу максатында, Башмыйзамдын негизинде токтом кылынган. Ага ылайык, маркумдарды жайга коюудагы каада-салттарды тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн фатваларды чыгаруу Муфтиятка жүктөлгөн.

Бүгүнкү «Майдан» дебаттарында «Граниттин ордуна жыгач. Маркумдар эстеликке муктажбы?» деген теманын айланасында талкуу болмокчу.

Катышуучулар:

  • Султанали ажы Гапуров – КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы;
  • Иминов Айбек — Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы;
  • Саматбек Жетиген уулу — Манас изилдөөчү;
  • Эржан Сулайман — эксперт.
Количество просмотров: 1017