• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте аялдардын укуктарын коргоону талап кылган акция өттү

8 Жалган куран 202613:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Горький атындагы эс алуу багында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыз-келиндердин укуктарын коргоону талап кылган акция өттү.

Ага 100гө жакын адам катышты.

Иш-чаранын катышуучулары “Ак үйдө кыздар көбөйсүн!”, “Аял укугу – адам укугу”, “Күнөө сенде эмес”, “Кыйын кыздын кызымын”, “Кызга кырк үйдөн колдоо”, “Аялзатым, жаша!”, “Аял – жашоо, эркиндик”, “Кыздын үнү – анын укугу” деген чакырык-ураандар жазылган плакаттарды кармап жүрүштү.

Количество просмотров: 105