• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте «Баарына каршыбыз» аталышындагы акция өтүп жатат

23 Аяк оона 2020 13:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Баарына каршыбыз» аталышындагы акция өтүп жатат. Митингге жарандык активисттер жана «Баарына каршы» добуш беребиз деген жарандар катышууда. Алар «Биз баарына каршыбыз»,»№2 форма бул кылмыш», «БШК отставкага кетсин», «Эл таза шайлоо үчүн»деген жазууларды кармап турат.

Акциянын катышуучусу Алмаз Орозбаковдун айтымында, эгер парламенттик шайлоодо “Баарына каршы” графасына добуш бергендер көп болуп чыга турган болсо кайра шайлоо өтөт.

«Эгерде шайлоочулар “Баарына каршы” деп добуш беришсе, азыркы шайлоого катышып жаткан партиялардын баары парламентке өтө албайт, натыйжада жаңы шайлоо дайындалат, ага түп тамырынан бери жаңы партиялар катышат»,-деди ал.

Белгилей кетсек, соңку убакта социалдык тармактарда дагы баарына каршы добуш берүүгө активдүү үгүттөгөндөр болууда. Бирок мындай пикирди туура эмес деп эсептегендер дагы бар. 

Количество просмотров: 84