Бишкектин Пушкин жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап түштү. Бул тууралуу сүрөт социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалым болгондой, бактын тамыры асфальтты жарып кеткен.
Жеринде «Бишкекжашылчарба» ишканасынын кызматкерлери иш алып барып жатканы кабарланды.