• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте депутаттар бара жаткан унаага бак кулады

29 Жалган куран 2022 15:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депутаттары бараткан кичи автобуска бак кулады. Окуя ГЭС-5 аймагында болгон.

«Унаанын ичиндеги депутаттар жана башка адамдардын баары жакшы, эч ким жабыркаган жок. Унаанын эшигин кулаган бак жаап калгандыктан сыртка чыга алган жокпуз», — деп билдирди Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Мээрим Керимканова.

Маалыматка ылайык, депутаттар Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана коргоо жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу боюнча үч күндүк семинардан кайтып келе жатышкан.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору Чүй менен Бишкекте катуу шамал болушу күтүлө турганын маалымдаган. Кабарлангандай Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында 1 сааттын ичинде жана күндүн экинчи жарымында катуу шамал болушу мүмкүн.Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Количество просмотров: 4922