• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Нарында катуу шамал болуп, үйдүн чатырына бак кулады (сүрөт)

28 Кулжа 2022 17:09 Бишкек Govori.TV

Нарында катуу шамалдан улам үйдүн чатырына бак кулап басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 28-июнда саат 15:55 чамасында болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды-Булак айылынын А.Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырына терек кулаган.

Табигый кырсыктын кесепетинен чатырдын бир тарабынын шиферлери талкаланган.

Жерине Ак-Талаа районундук №47 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган. Жабыркагандар жок.

Эске салсак, Баетов айылында жайгашкан гидропосттун кызматкерлеринин маалыматы боюнча шамалдын ылдамдыгы 16 м.с. чейин жеткен.

Количество просмотров: 1347