• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте башаламан соода-сатык кылгандар текшерилүүдө

29 Баш оона 202213:19 Бишкек Govori.TV

Биринчи май районунда оюн кызматтарын көрсөткөн башаламан соода жайлары кайрадан жоюлду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Рейдге вице-мэр Нурдан Орунтаев, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, акимчиликтин экономика жана каржы бөлүмүнүн, борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын адистери катышты.

«Администрациянын кызматкерлеринин талап кылган мыйзам боюнча рейд учурунда «башаламан соодагерлер»  каршылык көрсөтүп, бул чыр-чатакка алып келди. Ага карабастан 4 балмуздак муздаткычы, 1 күч өлчөгүч, 3 үйлөнүүчү батут, 2 жыгач оюн комплектиси демонтаждалып, соода түйүндөрүнүн ээлерине  протоколдор түзүлдү. акимчилик тарабынан аталган курулуштардын ээлери менен мыйзамдуу түрдө атайын бөлүнгөн жерлерге орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин сатуучулар кайрадан «мыйзамсыз» жайларга кайтып келишкен»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин 2022-жылдын 20-июнунан баштап Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 71-б “Бишкек шаарынын аймагында белгиленбеген жайларда соода жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө” токтомунун негизинде Биринчи май районунун аймагындагы сейил бактарда, скверлерде, тротуарларда, бульварларда батут колдонууга толук кандуу тыюу салынган.

Количество просмотров: 91