• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ош базардагы башаламан сооданы жоюу иштери уланууда 

23 Бугу 202310:02 Бишкек Govori.TV

Ленин райондук акимчилиги Ош базарынын аймагында жана ага чектеш көчөлөрдө башаламан сооданы жоюу иштерин улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Ош базары» соода борборунун айланасы — Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрү тазаланды.

Рейддин жүрүшүндө жол кайгуул кызматы тарабынан мыйзамсыз соода кылган 1 унаа, 18ден ашык жеңилдетилген типтеги объектилер – кол арабалар, мамылар, кол чатырлар, столдор алынды.

Ошондой эле башаламан соода менен алектенген жарандарга карата протоколдор түзүлдү.

Бул багыттагы иштер күн сайын жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 178