• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бишкекте “Бир дүйнө – Кыргызстан – 2023” даректүү тасмалардын фестивалы өтөт

21 Жетинин айы 2023 14:38 Бишкек Govori.TV

27-ноябрдан 1-декабрга чейин Бишкекте “Бир дүйнө – Кыргызстан – 2023” адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XVII эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу «Бир Дүйнө — Кыргызстан» бирикмесинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, фестиваль адам укуктары чөйрөсүндөгү даректүү чындыкты талкуулоо үчүн кеңири аянтча болуп саналат.

Уюштуруучулардын айтымында, БУУнун Адам укуктарын коргоо декларациясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына жана БУУнун Адам укуктары боюнча декларациясынын 75 жылдыгына колдоо көрсөтүү максатында фестиваль универсалдуу билимдерди тереңдетүүгө багытталган эл аралык кампанияга кошулат.

Ошондой эле фестивалдын алкагында тоолуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо механизмдерин талкуулоо, климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирине каршы стратегияларды иштеп чыгуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тоолуу аймактарда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.

Даректүү тасмаларды көрсөтүүдөн тышкары адам укуктары чөйрөсүндөгү абалды талкуулоо жана мындан аркы биргелешип түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу үчүн талкуу лабораторияларын, тегерек столдорду жана семинарларды өткөрүү пландаштырылууда.

Количество просмотров: 63