• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

 Бишкекте бир түндө 8 унаа өрттөндү

31 Үчтүн айы 2022 17:05 Бишкек Govori.TV

30-январдан 31-январга караган түнү Бишкек шаарында 8 унаа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унааларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүм тартылган. Кырсыктан жабыркагандар катталган эмес.

Учурда өрттүн чыгуу себептери такталып жатат.

ӨКМдин адистери унаадан өрт чыккан учурда эмне кылуу керектигин айтып берди:

  • Унаа 4-6 мүнөттө эле толугу менен күйүп кетерин эсиңизге түйүңүз. Ошондуктан өрт чыккан учурда дароо таштап качканга шашылыңыз. Күйүп жаткан унаадан 10-15 метр узак туруу зарыл.
  • Өрттүн чыгышына көбүнчө айдоочу өзү себепкер. Андыктан унааңызды дайыма текшертип, бузулган жери болсо, дароо оңдотуп туруңуз. Ар бир унаада сөзсүз өрт өчүрүү каражаты болушу керек.
  • Эң ыңгайлуу өрт өчүргүч айна (порошок) түрүндөгүсү болуп саналат. Бул өрт өчүргүчтүн курамы түрдүү күйүүчү заттарды өчүрүүгө ылайыкталган. Айрыкча, бул өрт өчүргүч чыңалуу абалында турган электр каражаттарын өчүрүүдө натыйжалуу.
  • Өрт өчүргүч каражатын атайы дүкөндөн сатып алыңыз. Алып жаткан учурда жарактуу мөөнөтүнө көңүл бурунуз.
  • Өрт өчүргүчтү эң жакшысы, унаанын багажына эмес, киши отура  турган жерине салыңыз. Бул кооптуу абал жаралган учурда ыкчам көргөнгө ыңгайлуу.
  • Унааны айдап бараткан учурда  өрт чыкса, дүрбөлөңгө түшпөй, колдон келишинче эч нерсеси жок ээн жерге токтотуп, документтерди алып, 90 секунд ичинде сыртка чыгып кеткенге аракет кылыңыз.
  • Айдап баратканда өрт чыкса, унаанын ылдамдыгын ашырып жибербеңиз. Ал өрттүн бат жалындап кетишине алып келет. Колдон келсе, дароо токтотконго аракет кылыңыз.
  • Эгер унаанын май куйган жери күйүп жатканын билсеңиз, дароо алыс качыңыз.
  • Эгер өрт копоттон чыкса, таяк менен этият ачып, ар кандай нерсе, мисалы, кум, топурак чачуу, чүпүрөк баса коюу сыяктуу ыкмалар менен өчүрүүгө аракет жасап көрүңүз. Эгерде өчүрүүгө мүмкүн эмес болсо, коопсуз жерге унааны таштап кетүү кажет.
  • Унаанын ичинде жүргүнчүлөр бар учурда колдон келишинче тез убакыттын ичинде чыгып кеткенге шашылуу керек.
  • Унааныздын жанында токтоп турган башка унаа күйгөн болсо, алыс аралыкка коюп, же муздак суу чачыңыз.
Количество просмотров: 2104