• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте үч эм төрөлдү

5 Баш оона 202119:00 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт бөлүмүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык,Чүй облусуна караштуу Кемин районунун 30 жаштагы тургуну наристелерди 31-июлда жарык дүйнөгө алып келген.

«Наристелердин биринчиси — 1 кг 745 грамм, экинчиси — 1 кг 680 грамм (уулдар), ал эми кыз — 2 кг 55 грамм»,-деп айтылат маалыматта.

Эне-балдардын абалы канааттандырарлык экендиги кабарланды.

Количество просмотров: 327