Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүндө 21 жаштагы келин 3 уул төрөдү. Бул туралуу АКИpress агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, үч эм 29-октябрда жарыкка келген. Ымыркайлардын салмагы 2 кг 20 грамм, 2 кг 300 грамм, 2 кг 500 грамм болгон. Жаңы көз жарган эне Нарын аймактык ооруканасына 6-октябрда кайрылган. Кош бойлуулуктун 31-32-жумасында абалы оор болгондуктан Бишкекке которулган. Бишкектен дагы анын абалы оор деп бааланып, дарыгерлердин консилиуму өткөн.
«Консилиумдагы чечим менен кош бойлуулуктун 35-жумасында — 29-октябрда саат 11:20да операция жолу менен 3 эм жарыкка келди. Ымыркайлардын абалы канааттандырарлык деп бааланып жатат. Алар өз алдынча дем алууда. Апасынын абалы туруктуу», — деп билдирген кош бойлуулуктун патология бөлүмү башчысы Руслан Агайдаров.