• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом берилди

13 Үчтүн айы 2023 17:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалым болгондой, калаа башчысы үй-бүлөнү куттуктап, 90 миң сомдук сертификат жана азык-түлүк куржунун тапшырган.

Эске салсак, 20-декабрда Нурзида Садырбаева Нурбакыт, Нурмухамет, Нурсултан аттуу үч эмди жарык дүйнөгө алып келген. Үй-бүлөнүн жети баласы бар – 6 уул, 1 кыз.

Теги:
Количество просмотров: 977