Бүгүн эртең менен Бишкектин борборунда чыккан өрттөн бир аял жабыркады. ӨКМден иске ууланып калган аял ооруканага кайрылгандыгын айтышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-декабрда Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында жайгашкан турак жайдан өрт чыкканын билдирген. Өрттү өчүрүүгө саат 08:33тө Свердлов райондук №3 өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан бир, саат 08:47де дагы бир бөлүм тартылган. 09:07 чектөөгө алынып, 11:24тө толук өчүрүлдү.