12-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында театрдын солисти Атабек Садыркуловдун чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн 15 жылдыгына арналган «Дүйнөлүк балет шедеврлери» аттуу гала-концерт өттү.
Бул кечеде дүйнөлүк балет классикасынын эң мыкты чыгармалары сахнада жанданып, көрүүчүлөргө майрамдык программа тартууланды. Анда ар кыл доорлорго таандык белгилүү балеттерден үзүндүлөр көрсөтүлдү.
Сахнада Щелкунчик, Ак куу көлү, Сүйүү тууралуу уламыш, Шахеразада, Кармен, Корсар сыяктуу белгилүү балеттерден номерлер, ошондой эле заманбап хореографиялык коюлмалар аткарылып, «Номад» бийи көрүүчүлөр үчүн жаңылык болду.
Гала-концертте Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери жана эл аралык сынактардын лауреаттары Марат Сыдыков, Фарух Садыркулов, ошондой эле жаш таланттар Аслан Алиев, Ясмина Джанботаева, Даяна Кыдыралиева, Адилжан Рахманов, Адинай Эмилбекова катышты.
Бул кече жогорку чеберчилик, көркөм драматургия жана бий өнөрүнүн чыныгы майрамы болуп, классикалык салт менен заманбап хореографиянын айкалышын тартуулап, балет өнөрүн баалагандардын жогорку баасына татыды. Ошондой эле Атабек Садыркуловдун 15 жылдык отчеттук концертинде жаш таланттарга да сахнада өнөр көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бишкекте «Дүйнөлүк балет шедеврлери» гала-концерти алты жылдан бери жеке Атабек Садыркуловдун демилгеси менен уюштурулуп келет.