• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте “Дыйкан” базарынын ачылышы болуп өттү

18 Баш оона 202117:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-август күнү Бишкек шаарында “Дыйкан” базарынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, келечектеги сатуучулар-ижарачылар катышты.

“Дыйкан” базары айыл чарба продуктыларын жана азык-түлүк товарларын дүң жана чекене сатууга арналган. Базар товарларды сактоочу кампа, контейнерлерди камтыйт. Соода-сатык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн тилкелер, оор жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар кирүүчү жайлар бар”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, “Дыйкан” базары «Кыргыз темир жолу» УК мамлекеттик ишканасынын балансында турат.

Количество просмотров: 537