• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте эл аралык профессионалдык бокс турнири өтөт

11 Жалган куран 20269:30 Бишкек Govori.TV

17-19-апрелде Бишкекте ири масштабдагы эл аралык профессионалдык бокс турнири өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Мелдешке Мексика, Япония, Таиланд, Уганда жана башка өлкөлөрдөн келген дүйнөлүк деңгээлдеги мушкерлер катышат.

Турнирдин алкагында WBA жана WBA Asia уюмдарынын чемпиондук курлары ойнотулат. Башкы беттеште Давид Хименес (Коста-Рика) менен Аюму Сано (Япония) WBA куру үчүн күч сынашат.

Рингге Кыргызстандын 13 мушкери чыгат. Алардын арасында Самат Абдрахманов, Дилмурат Сатыбалдиев, Санжай Сейдакматов жана Өмүрбек Бекжигит уулу сыяктуу белгилүү спортчулар бар.

Турнир үч күнгө созулуп, профессионалдык бокстун жогорку деңгээлдеги кармаштары менен коштолот.

Количество просмотров: 88