• Дүйшөмбү 11 Бештин айы 2023
  • Понедельник 11 Декабрь 2023

Бишкекте EXPO Айымдар ишкердиги – 2023 көргөзмөсү өтүп жатат

14 ноября 2023 в 11:12 Бишкек Govori.TV

14-ноябрда Кыргыз Республикасындагы ишкер айымдарды колдоо жана гендердик теңчиликти илгерилетүүдөгү маанилүү этап болуп саналган EXPO Айымдар ишкердиги — 2023 көргөзмөсү Бишкекте өтүп жатат. Ар кандай тектеги жана тармактан аялдарды бириктирген иш-чара ишкердик экосистемадагы жана жалпысынан коомдогу позитивдүү өзгөрүүлөрдү шыктандыруу, окутуу жана түрткү берүү максатын көздөйт.

Расмий ачылышта Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ар бир аял бизнесте өз дараметин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон дүйнөнү түзүү зарылдыгын белгиледи.

«EXPO сыяктуу иш-чаралар социалдык-экономикалык чөйрөдө аялдар менен эркектердин ортосундагы ажырымды жоюуга көмөктөшөт. Аялдардын ишкердиги – бул жөн гана экономикалык демилге эмес, бул коомду өзгөртө ала турган кыймыл. Бүгүнкү иш-чара бардык аялдар үчүн адилеттүү жана коопсуз коомго карай кадам болсун», — деп белгилей кетти.

EXPO сынагына Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 273төн ашык катышуучу форма толтуруп катышты. Алардын ичинен 200дөн ашык ишкер аял атаандаштык чөйрөдө бизнести ийгиликтүү башкаруу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү жана билимди алуу үчүн интенсивдүү, комплекстүү BootCamp программасына катышууга чакырылган.

EXPO критерийлерине жооп берип тандалган 40 ишкер айым инвестиция тартууга жана бизнестин олуттуу өсүшүнө жетишүүгө даярдыгын жогорулатууга багытталган атайын окутуу жана насаатчылык программаларына катышты. Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын 6-ноябрынан 10-ноябрына чейин жарманке өткөрүлүп, алар өздөрүнүн продукциясын жана бизнесин илгерилетүүгө жана Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Коомдун бардык секторлорунун уникалдуу өнөктөштүгүндөгү туруктуу платформа болгон EXPOнун маанилүүлүгүн БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлү Улзийсурен Жамсран айым ачылыш сөзүндө Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматын баса белгиледи: «Эгерде өлкөлөрдө аялдар үчүн эркектерге берилген шарт жана мүмкүнчүлүк түзүлсө, өлкөнүн экономикасы, анда ИДПнын өсүшү кеминде 20-22% болмок. Жалпысынан алганда, EXPO Аялдардын ишкердиги – 2023 аялдардын укуктарын жана, атап айтканда, ишкер аялдардын укуктарын ишке ашыруу аркылуу оң өзгөрүүлөрдү шыктандыруу жана стимулдаштыруу жөнүндө экенин унутпайлы.»

Иш-чаранын расмий программасынын алкагында ишкер айымдар шыктандыруучу окуялары менен бөлүшүп, билим берүүчү мастер-класстарга катышып, 12 ишкер айым болсо инвесторлор тобуна өздөрүнүн бизнес долбоорлорун сунуштап, бизнесин өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн инвестиция тартуу боюнча бизнес жолугушууларга катышты. Эки финалист айым Кыргызстандын атынан 2024-жылдын июнь айында Түркиянын Стамбул шаарында БУУнун Аялдар түзүмүнүн Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык кеңсеси тарабынан уюштурулган аймактык EXPO Capital Quest көргөзмөсүндө эл аралык инвесторлордун кеңири аудиториясына бизнес долбоорлорун сунуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ошондой эле EXPO Аялдардын ишкердиги — 2023 биринчи күнүнүн маанилүү окуясы болуп жеке сектордун өкүлдөрү тарабынан милдеттенмеге кол коюлушу жана андан кийин жеке сектордо аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү принциптерин ишке ашыруу болду.

«Бүгүн биз ар кайсы аймактардан жана тармактардан келген ишкер айымдардын биримдигине күбө болуудабыз, бул аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Биздин иш-чаранын максаты — аялдардын ишкердигине инвестиция салуу менен коомдогу позитивдүү өзгөрүүлөргө дем берүү. Биз EXPOнун бардык катышуучуларын жана өнөктөштөрүн жакынкы жылдарда бул аянтчанын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн толук колдойбуз жана бириктирүүгө даярбыз, анткени аялдардын ишкердиги – бул биздин коомду өзгөртө ала турган демилге», — деп Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институтунун директору Санжар Мукамбетов белгилеп кетти.

Демилгенин жигердүү катышуучуларынын катарына Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана колдоо боюнча негизги кызыкдар тараптар, анын ичинде мамлекеттик органдардын, жеке сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү, жагымдуу бизнес жана инвестициялык чөйрөнү түзүү үчүн биргелешип аракеттерин ишке ашырышты.

EXPO Айымдар ишкердиги — 2023 Кыргыз Республикасындагы маанилүү окуя болуп саналат, ал үчүнчү жыл катары менен ар кайсы региондордон жана экономиканын секторлорунан ишкер аялдарды чогултуп, аларды оң социалдык өзгөрүүлөргө шыктандыруу жана гендердик теңчиликти илгерилетүү максатын көздөйт. Демилге аялдардын ишкердигинин өсүшүн жана өнүгүшүн колдоо үчүн комплекстүү программаларды, насаатчылык жана тармактык мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт.

Иш-чараны Кыргыз Республикасындагы БУУнун Аялдар түзүмү эл аралык уюмдар, каржы сектору өкүлдөрү жана Өкмөт менен, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Accelerate Prosperity менен тыгыз кызматташтыкта уюштурууда.

Количество просмотров: 74

Кайсы министр жакшы иштеди?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда