• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бишкекте фонтандын сезону ачылды

3 Бугу 2021 12:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында термометрдин көрсөткүчү акырындык менен жогорулай баштагандыктан фонтандар ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жалпысынан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан комплекси бар. Жаш Гвардия бульварындагы Баатырлар Аллеясындагы бир фонтанды кошпогондо, алардын бардыгы күн сайын эртең мененки саат 10дон кечки 7ге чейин иштешет. Борбордук «Ала-Тоо» аянтында жана Тарых музейинин маңдайында тургандар кечки саат 21ге чейин иштешет.

Белгилей кетсек, техникалык тыныгуу үчүн бардык фонтандар комплекстери саат 14: 00дөн 16: 00гө чейин иштебейт. Бул кыймылдаткычтардын ысып кетишинен сактануу.

Количество просмотров: 65