• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте ижарага берилген батирлерге рейд жүргүзүлдү

20 Баш оона 2023 9:47 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Свердлов районунда батирлерди ижарага берүү боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, шаардыктардын көп даттанууларынан жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Свердлов акимиатынын кызматкерлери тарабынан райондук салык кызматынын инспекторлору жана райондук МАБнын адистери менен биргеликте турак жай аянтын ижарага берген ээлерин салыктык эсепке алуу боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

«Бул ишти жүргүзүү үчүн райондун аймагындагы батирди ижарага бергендердин маалымат базасы түзүлдү. Бүгүнкү күндө конуштарда жана көп кабаттуу үйлөрдө иштер жүргүзүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек турак жай аянтын ижарага берүү үчүн патенттин баасы: көп кабаттуу үйлөргө — кв. м. үчүн 30 сом (пайдаланылган аянты), жеке үйлөр-кв. м. үчүн 40 сом (пайдаланылган аянты). Мындан тышкары 919 сомду түзгөн камсыздандыруу полисин (Социалдык фондго төгүм) сатып алуу зарыл.

Салык төлөөдөн качкан учурда жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

Количество просмотров: 293