• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкекте үй-жайсыз жарандар үчүн баш калкалоочу жай иштей баштады

4 Жетинин айы 202117:45 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов жана Октябрь райондорунда үй-жайсыз жарандарга туруктуу, убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баш калкалоочу жайга кайрылгандар бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат. Коопсуздук үчүн борбор калаанын бардык баш калкалоочу жайларында милиция кызматкери ар дайым нөөмөттө болуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери жана медайымдары системалуу түрдө керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп турушат.

  • Октябрь районунун убактылуу баш калкалоочу жайы 12-кичирайондогу А.Токомбаев көчөсүндөгү көрктөндүрүү комбинатынын имаратында жайгашкан, 80 орунга ылайыкталган. Баш калкалоочу жайга 511938, 0559180218 телефондору аркылуу байланышса болот.
  • Свердлов районунда 40 орундуу убактылуу баш калкалоочу жай мурдагы көрктөндүрүү комбинатынын аймагында, Фере көчөсү 34А дарегинде жайгашкан. Сурап билүү телефону: 360335, 0706 168877.
Количество просмотров: 95