Бишкекте көмүр коюлган баасынан кымбат сатылууда. Бул туурасында социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыкты.
“1 тоннасы 3,9сомдук көмүрдү 5 миң сомго сатып алдык, же ал көмүрү күйбөйт экен. Мурманский көчөсүндөгү көмүр саткан ОсОО «Оро-Неро» базасы баардык сатып алуучуларын алдап, көмүрүн сатып жатат», -деп жазган.
Мындан сырткары ал сатуучунун аты Дастан жанан байланыш номерин да баракчасына жазган. Башка колдонуучулар мындай учур Ош шаарында да болуп жатканын жазышкан.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги,Бишкек жана Ош шаарларынын ар бир райондоруна көмүрдүн максималдуу баасын белгилеген. Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Бишкек жана Ош шаарларынын ар бир райондоруна көмүрдүн баасын бекиткен. Казакстандан келген көмүрдүн баасы 3900 сом, Кара-Кече 4000сом, кезек көмүр 3 800сомдон бекитилсе, Ош шаарында 1 тонна көмүрдүн баасы 6000 сом деп бекитилген.