• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте көмүрдүн баасы канча?

4 Бештин айы 2023 15:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы калаадагы көмүр саткан түйүндөрүнүн даректерин жана коюлган баалар тууралуу айтып берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ленин району боюнча калкка көмүр төмөндөгү отун базаларынан сатылат:
— Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
— Мурманск көчөсү, 45/2 дарегинде (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) «Кара-Жыра» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
— «Береке» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 122, 122а дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5000-6500 сомдон;
— «Беш Сары» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 1Б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
— Дэн Сяопин пр., 306а дарегиндеги КР Коргоо министрлигинин көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
— ЖИ «Болотбеков», Дэн Сяопин пр., 308/4 дарегинде “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
— «Золотая корпорация» ЖЧКсы, Мурманск 1Б дарегинде, кире бериши түштүк тараптан. «Шабыркүл» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
— Жеке ишкер «Абиев Нурлан», Алыкулов көч., 6б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом.

Биринчи май районунда Кара-Кече көмүрү төмөнкү даректерде сатылат:
— «Ак-Босого» конушу, Профессор Зима 156а дарегинд 1 кап көмүрдүн баасы 220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом, Чүй 23 көчөсү, 43 үйүндө 1 кап 230 сом;
— Щербаков көчөсү 121 дарегинде 1 кап көмүр 200 сом;
— Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом жана тоннасы 6000 сомдон, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасына 7000 сомдон;
— «Алтын-Бешик» конушундагы Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүрдүн баасы 250 сомдон, тоннасы 6000 сомдон сатылууда;
— Дэн Сяопин пр., 531 дарегинде 1 мүшөк көмүр 280 сомдон;
— «Тынчтык» конушу 12-көчөсү, 19-үйдө бир кап көмүр 250 сомдон;
— Месарош көчөсү, 96 дарегинде 1 кап көмүр 240 сомдон сатылууда;
— «Калыс Ордо» конушу, 106-көчөсү, 1-үйдө 1 кап көмүр 250 сомдон.
Ошол эле учурда кышка жакын 15-20дай стационардык пункттар ачылат.

Свердлов районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:
— Достоевский көчөсү №1, «Шабыркул» тоннасы 6200 сом;
— айланма жолдун боюндагы «Келечек» конушунда “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5800-6000 сом.

Октябрь районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:
— «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы «Төкөлдөш» конушу, «Аламүдүн» станциясында Казакстандын Кара-Жыра көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 6200 сом;
— «Кара-Жыгач» конушу Л.Толстой көчөсүндө «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
— Рухий-Мурас конушу Бейшеналиева көчөсү — Рухий Мурас 2 көчөсү, “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 6000 сомдон.

Теги:
Количество просмотров: 107