Бишкектеги кафеден чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Октябрь районунун, Каралаев менен Сүйөркүлов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «GALAXY» кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Тилсиз жоону өчүрүүгө 5 бөлүм жана бир суу ташуучу унаа, штаб тартылган. Өрт саат 11:47де чектөөгө алынды»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.