• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкекте Калкты тейлөө борборунда свет өчүп, кезек күткөндөр көбөйдү

19 Үчтүн айы 2023 15:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Жибек-Жолу проспектиси менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан калкты тейлөө борборунда (ЦОН) электр энергиясы өчүрүлдү. Күбөлөрдүн айтымында, электр жарыгынын өчүрүлгөнүнө бир сааттай болуп калды.

Учурда борбордо жарыктын күйүүсүн күтүп жаткан жарандардын узун кезеги турат. Ал эми борбордун кызматкерлери электр жарыгы качан берилери тууралуу кабары жок экенин айтуу менен чектелишүүдө.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү катуу сууктун кесепенинен улам электр жарыгы үзгүлтүккө учурап жатат. Энергетика министри Кыргызстанда электр жарыгын өчүрүү боюнчабуга чейинпикирин айтып, 1-1,5 саатка электр жарыгы өчүрүлбөсө, трансформаторлор иштен чыгышы мүмкүн экенин билдирди.

Количество просмотров: 53