• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте карызы бар 5 миңге чукул абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

24 Бештин айы 2021 17:05 Бишкек Govori.TV

27-декабрдан тарта «Түндүк электр» ААКсы 4 миң 600 абонентти электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт.

Компаниянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкек шаары боюнча керектөөчүлөрдүн жалпы дебитордук карызы 14,1 млн сомду түзөт.

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. “Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «Кыргызстан Коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр, төлөм тууралуу билдирме «Северэлектро» ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Количество просмотров: 294