• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкөдө электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө кирди

3 Жетинин айы 20259:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилди. Бул аталган убактарда электрди колдонуу өсүп, керектөө кескин көбөйүүсүнө байланыштуу көрүлүп жаткан чара экенин «Кыргызстан улуттук электр тармактары» маалымдады.

Маалыматта жазылгандай, авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында «акылдуу эсептегичтерде» эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлүп, чектөө киргизилди.

«3 кВт кубаттуулук үйгө жарык берүүчү лампаларга, телевизор, компьютер жана электр чайнигин иштетүүгө толук жетет. Бул — жалпы энергосистеманын туруктуу иштешин камсыздоо жана ар бир үйгө жарык үзгүлтүксүз жетиши үчүн көрүлүп жаткан чара», — деп жазылган маалыматта.

Мекеме ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоочу ишкана чектөө киргизүүгө укуктуу экенин, бул жобо керектөөчү менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөнүн, мындай чара электр энергиясы тартыш кезде колдонуларын кошумчалады.

Количество просмотров: 93