• Ишенби 21 Бугу 2022
  • Суббота 21 Май 2022

Бишкекте «Каухар» бизнес-борборундагы өрт токтотулду

8 мая 2018 в 14:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.05.2018. Govori.TV.
Бишкектин Орто-Сай базарынын жанында орун алган «Каухар» бизнес-борборундагы өрт  токтотулду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда өрттү толугу менен өчүрүү, урандыларды тазалоо аракеттери уланууда.
Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан эч ким жаракат алган жок.
«Каухар» бизнес-борборунда өрт бүгүн саат 11:30 чамасы чыккан. Ага эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Имаратта медициналык борборлор, бир нече банктардын филиалдары, фирмалар жайгашкан.
Количество просмотров: 10