Жогорку Кеңештин алдында казинолорду ачууга каршы митинг өтүп, ага 50дөй адам чогулган.
Алар бийлик өкүлдөрүнө, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, өлкөдө кумаркана ачууга багытталган мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну талап кылып жатышат.
Жогорку Кеңеш 11-майда кумарканаларды ачууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.