• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте коменданттык саатты бузган 58 адам кармалды

8 Чын куран 202011:30 Бишкек Govori.TV

Бишкекте коменданттык саатты бузган 58 адам кармалды. Бул тууралуу өкмөтү үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданыт Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын ичинен 50 эркек, 8 аял кишилер.

«Биринчи май району боюнча — 19 жаран, Октябрь району боюнча — 4 жаран, Ленин району боюнча — 22 жаран жана Сведлов району боюнча — 13 жаран ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген», — дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Количество просмотров: 49