• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте курулуш материал саткан дүкөн күйдү (видео)

14 Баш оона 2023 12:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Орозобеков көчөсүндөгү «Эски толчок» базарында курулуш материалдары сатылган үч дүкөн, пластик терезелерин чыгарган эки цех жана кийим-кече сатылган бир контейнер өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришти.

Өрт тууралуу 14-августка караган түнү маалымат түшкөн. Тилсиз жоонун жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи тобу түнкү саат 12.30дарда барган. Өрт өчүрүүгө жалпысынан беш топ тартылып, 1,5 сааттан кийин чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 124