• Дүйшөмбү 20 Теке 2026
  • Понедельник 20 Июль 2026

Жыл башынан бери 283 сел кырсыгы катталган

29 Кулжа 202610:21 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө ушул жылы 283 сел кырсыгы катталды. Бул тууралуу 29-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) коргоо жана координациялоо башкармалыгынын жетекчиси Асан Сулайманов “Биринчи радионун” эфиринде айтты.

Анын сөзүнө караганда, анын ичинен эң көп Жалал-Абад облусунда – 89 сел жүргөн. Ош облусунда 83 сел кырсыгы болгон. Андан тышкары Баткен, Нарын жана Талас облустарында табигый кырсыктар катталып жатат.

Ал кошумчалагандай, сел кырсыктарынан 11 турак жай авариялык абалга келген.

Теги:
Количество просмотров: 166