Жети-Өгүз районунда тоодо аттан кулап, жаракат алган өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 5-июнь күнү Ырдык коктусунда болгон. Анда 2013-жылы туулган Т. А. аттуу өспүрүм бала аттан кулап, мойнунан оор жаракат алган.
Окуя болгон жерге куткаруучу топ ыкчам түрдө жетип барышкан. Алар жабыркаган балага биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, коктудан аман-эсен алып түшүп, тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен.