Бишкекте өлтүрүлгөн эне жана анын балдарынын сөөгү Баткен облусунун Лейлек районундагы Чимген айылында жерге берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, 50 жаштагы маркум аялдын жана балдарын акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-февралда туулган айылында өткөн.
Эске салсак, 16-февраль күнү Бишкектеги 5-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 3 адам каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Алардын денесинде ар кандай жаракаттар болгон.
Бул факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Баткен облусунун 37 жаштагы тургуну кармалган. Ал Свердлов райондук сотунун чечими менен 16-апрелге чейин камакка алынды.
УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, шектүү 15 жыл Мамлекеттик күзөт кызматында иштеп, эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыккан. Ошондой эле шектүү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, мушташуу боюнча спорт чебери жана дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси, ошондой эле физкультура жана спорттун отличниги экени айтылган.