• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкекте «Медиадагы гендердик оптика» форуму өтүп жатат

14 Бештин айы 2023 10:06 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн, 14-декабрда «Медиадагы гендердик оптика 2.0.» аттуу аймактык медиа форум өтүп жатат.

Аталган иш-чара аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюуга багытталган Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен “Теңдик нуру” глобалдык демилгесинин жана гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында “Медиа Сабак” коомдук фонду БУУнун Аялдар түзүмү менен биргеликте Кыргыз Республикасында журналисттер жана медиа уюмдар арасында өтүүдө.

Форум медиа уюмдардын жана мультимедиялык борборлордун ишин гендердик өз алдынча баалоодо жетишилген ийгиликтерди жана натыйжаларды белгилөө, ЖМКнын гендердик этика кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу, ошондой эле жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын журналистика факультеттеринде гендердик-сезимтал журналистика (ГСЖ) боюнча гендердик-трансформациялоочу курстарды жана модулдарды ишке ашыруудагы жыйынтыктарды жалпылоого багытталган.

Катышуучуларга гендердик сезимтал журналистиканы жана жалпыга маалымдоо каражаттарын улуттук жана аймактык деңгээлде, ошондой эле билим берүү жана медиа секторлорунда илгерилетүү боюнча тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

Медиа-форумдун максаты билим берүү жана медиа секторунда улуттук жана аймактык деңгээлде гендердик сезимтал журналистиканы жана медианы илгерилетүү боюнча жетишилген натыйжаларды жайылтуу болуп саналат.

Форумга Нарын, Чүй жана Ош облустарынан медиа-уюмдардын 80ден ашык өкүлү, анын ичинде медиа жетекчилиги, журналисттер, редакторлор, гендердик жана медиа-эксперттер, республиканын жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана профессорлору чогулду.

Количество просмотров: 80