Ысык-Көл облусунда 13-августтан 15-августка чейин 7-Кыргыз-Россия экономикалык форуму, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны жана Михаил Мишустиндин расмий сапарына байланыштуу автожолдордун айрым тилкелеринде транспорт кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Чектөөлөр расмий делегациялардын кортеждери өтүп жаткан учурда гана киргизилери белгиленди. Айдоочуларга сапарларын алдын ала пландаштыруу жана зарыл болгон учурда альтернативдүү маршруттарды колдонуу сунушталат.
Иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Ысык-Көл облустук ИИБдин 1 000ден ашуун кызматкери тартылат.