Бишкекте “Мурас” футбол мелдеши башталды. Анда ар кыл тармактардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команда катышууда.
Турнир Кыргыз футбол биримдигинин спорткомплексинде жана «Газпром балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында өткөрүлүүдө.
Мелдеш Кыргыз футбол биримдиги тарабынан президенттин администрациясы менен тыгыз кызматташтыкта уюштурулуп жатат.
Белгилей кетсек, мелдеш 2022-жылы Кыргыз футбол биримдиги тарабынан демилгеленип, президент Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынган. Салтка айланган бул достук мелдеши тогузунчу жолу ойнотулат. Мелдештин учурдагы чемпиону – «Ден соолук» командасы.