• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Бишкекте мыйзамсыз салынып жаткан үйдүн курулушу токтотулду

28 Теке 20239:26 Бишкек Govori.TV

 Бишкектин Севастопольская көчөсү, 8 дарегинде мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үй аныкталып, курулушу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан шаардык прокуратуранын жана Экономика министрлигинин көрсөтмөсүнүн негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен куруучу «Кыргыз Интер Строй» ЖЧКсына КР «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чаралар көрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Андан ары материалдар сот органдарына өткөрүп берилет.

Количество просмотров: 155