• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте нан, шекер картошканын баасы кымбаттады

6 Чын куран 2020 11:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жана Чүй облусунда социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасынын максималдуу чеги жаңыланганын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, үч азыктын баасы көтөрүлдү. Нандын бир килограммы 39 сомдон 40 сомго чейин, кумшекердики 40 сомдон 43 сомго чейин жана картошка 25 сомдон 40 сомго чейин жогорулаганы айтылды.

Ушул жылдын 6-апрелине карата азык-түлүктүн баасынын максималдуу чеги төмөнкүдөй:

ун — 30,5 сом (биринчи сорт), экинчи сорт үчүн 23 сом;

жергиликтүү өндүрүштөгү сүт — 50 сом (майлуулугу 2,5 пайыз);

күн карама майы — 90 сом;

жууган май — 350 сом (Чүй облусунун азыгы) жана 410 сом (Талас облусунун азыгы);

эт: уйдуку жана койдуку — 360 сом, чочконуку — 290;

кумшекер — 43 сом;

макарон — 50 сом;

тооктун жумурткасы — 80 сом (10 даанасы);

картошка — 40 сом;

күрүч: жергиликтүү — 85 сом, импорттук — 90 сом.

Баалар дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калктын социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен жеткиликтүү камсыздалышы үчүн жөнгө салынууда.

Количество просмотров: 777