Бишкек мэриясы Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарын көрүү үчүн фан-зоналарды уюштурду.
Спорт күйөрмандары мелдештерди түз эфирде 5-11-август аралыгы төмөнкү даректерден көрсө болот:
Свердлов району
▪️“Дордой Плазада” саат 22:00гө чейин
▪️Чыгыш-5 кичи районундагы “Арбат” сквери
Октябрь району
▪️“Ынтымак-2” паркы
Ленин району
▪️“Азия Молл” соода жана оюн-зоок борбору
Биринчи май району (6-11-август)
▪️Эски аянтта саат 21:00дөн 01:00гө чейин.
Эске салсак, бүгүн Олимпиада оюндарында спорттук күрөш боюнча мелдештер башталат. Турнирдин биринчи күнүндө 60 кг, 68 кг жана 130 кг салмак категориясына чейинки грек-рим, эркин күрөш боюнча финалисттер аныкталат.
Кыргызстандын атынан Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда беттештерин баштап, килемге чыгышат. Балбан Жоламан Шаршенбеков казакстандык спортчу Айдос Султангали менен кез келет. Ал эми Мээрим Жуманазарова монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен күч сынашат.