• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкекте Орхан Инандыны табууну талап кылгандар митингге чыкты

16 Кулжа 2021 12:49 Бишкек Govori.TV

31-майдын түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылган жарандардын акциясы Министрлер кабинетинин имаратынын жанында уланууда.

Маалыматка караганда, Инандыны табуу талабы менен 200дөн ашуун адам чыкты, алар Жогорку Кеңештин алдына чейин жүрүш өткөрүшөт.

Орхан Инанды Кыргызстанда 20га жакын “Сапат” жеке лицейинин, эл аралык “Ала-Тоо” университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майдын кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган. Инандыны Интерпол дагы издеп жатат.

Количество просмотров: 114