Бүгүн, 30-августта Бишкекте президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү.
Расмий иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик кызматкерлер, коомдук, саясий ишмерлер катышты.
Бишкектин түштүгүндөгү имаратты курууга эки жылдан ашык убакыт кетти.
Жаңы имарат «Ынтымак Ордо» деп аталат.
Участоктун жалпы аянты — 25,78 гектар. Объект Чыңгыз Айтматов проспектиндеги «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курулду.