• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте санэпидкөзөмөл департаментине жаңы автоунаалар берилди

14 Чын куран 202213:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-апрелде, Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине “Нива” үлгүсүндөгү жаңы автоунааларды өткөрүп берүү аземи болду.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, унаалар Дүйнөлүк банктын каржылоосунда сатып алынды.

Автоунаалар Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына берилип, райондук борборлорго жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмдөрүнө жеткирип берилет.

Количество просмотров: 396