• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Бишкекте өспүрүм 9-кабаттан секирүүгө аракет кылды

13 Теке 202317:20 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өспүрүм 9- кабаттан секирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 13-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Т. Айтматов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан имараттын 9-кабатынан 2006-жылы туулган А.Т. аттуу бала секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен натыйжада жогоруда аталган 17 жаштагы баланы өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан.

Количество просмотров: 106